Кыргыз төө бурчагы

Кыргызстандын төө буурчагы Түркия, Болгария, Сербия, Македония жана башка Европа жана Азияда өлкөлөрүнө экспорттолот. Буурчак экспорттко кеткен эң маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бири болуп саналат. Төө буурчактын 90% Талас облусунун аймагында өсүүдө. Буурчак – суу сүйгөн өсүмдүктөрдүн бири саналат жана Талас дыйкандарынын суулама багытында көйгөйлөр жок десек жаңылышпайбыз. Талас облусунун суу шарртары буурчакты жай мезгилинде 5-7 жолу сугарганга мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда Талас облусунун аба ырайы төө бурчактын даамдуу, калориясы жана витаминдеринин жогору болушу үчүн эң ынгайлуу климат.  2014-жылдан баштап Таластык дыйкандар Туркия, Россия, Украина жана башка өлкөлөргө 500 тоннадан ашык экспорттоого жетишишкен. Биздин компаниябыз калибрлөө жана буурчак сорттоо үчүн семинар өткөзгөн , ошондой эле биз Талас облусунун мыкты дыйкандары менен жогорку стандарттарга жооп бере турчу төө буурчакты өстүрүүдө кызматташтык ичинде иштейбиз. Алар биздин компаниянын эл аралык деңгээлде иштеп жатканын билшет жана бизге ишенүү менен бирдикте чынчылдык, ачык-айкындуулук жана эмгекчилдик сыяктуу сапаттарды баалашат.