Жогорку сапаттагы Кыргыз күрүчтөрү

Кыргызстан кошуна өлкөлөр менен гана эмес, ошондой эле Орто Азиядан алыс жайгашкан өлкөлөрдөгү күрүч билермандары арасында жогору бааланган өзгөчө күрүч сортторунун мекени болуп саналат. Биздин күрүчтөрүбүз бир гана өзүнүн даамы менен белгилүү болбостон, уникалдуу жер жана климат шарттарында өскөндүгү үчүн ар түрлүү витаминдерди камтыгандыгы үчүн да белгилүү болгон. Бул анык экологиялык таза продукт.

Күрүчтүн эң таанымал болгон көп түрү байыркы Өзгөн шаарынын айланысында өстүрүлөт. Өзгөн шаары болсо Жибек Жолу соодагерлеринин убактылуу турагы катары кызмат кылган. Элдин айтымында Кытайдан 2 миң жыл мурун көчмөндөр күрүч алып келишип, ошондон бери Кара-Дарыя менен Яссы дүйнөдө эң мыкты күрүчтүн өсүшүнө жардам берип келет.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Баткен облусунун аймагындагы Ак-Турпак күрүч дагы белгилүү. “Ак-Турпак” жергиликтүү жаратылыштын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган, “ак чопо” дегенди билдирет. Бул, балким, күрүчтүн дагы ак болушуна жана жеңил болушуну тассирин тийгизүү менен башка күрүчтөрдөн айырмаланган күрүч түрү.Жергиликтүү тургундар бул күрүчтөн “диеталык” тамак жасашканга аракет кылышат.

Биз көптөгөн өндүрүүчүлөр менен иштешебиз. 2014-жылы биз Орусияга, Украина, Бириккен Араб эмираттары, Түркия жана башка өлкөлөргө 200 дөн ашуун тонна Өзгөн күрүчү экспорттолгон.

Борбор Азия тамактарынын мыкты адистердин бири Сталик Ханкишиев бул күрүч тууралуу төмөнкүдөй айткан: “Ушул күнгө чейин Фергана плову үчүн эң мыкты күрүч девзире, девзиренин эң мыкты өскөн жери болсо Өзгөн”